Ала-Букада мыйзамсыз кен казып уурдап жатышкан жарандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 15-майдан 16-майга караган түнү саат 00:01 чамасында Ала-Бука районунун аймагындагы ЖЧК “Фулл Голд Майнинг” алтын кен казуучу фирмасынын №6-штольныйда, Чаткал районунун 6 тургуну аталган штольныйдын ичинен алтын аралашмасы бар руда казып жатышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алар Жалал-Абад шаардык Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан кен казып жаткан жери аныкталып, алардын жанынан бир даана рюкзакка салынган салмагы 5-6 кг болгон көк түстөгү майда таш заттары жана бир даана перфоратору бар экендиги такталган.
Белгилей кетүүчү жагдай, түндө кен казып жаткан жарандарды кармоо учурунда бирөөсү кармалып, калганы айыл аралап качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал Ала-Бука РИИБне катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бир даана рюкзакка салынган салмагы 5-6 кг болгон көк түстөгү майда таш заттар жана бир даана перфоратору тергөөгө акт менен өткөрүп берилген. Ошондой эле, уурулукка шектүү делген жарандар Чаткал районунун тургундары экендиги жана жашаган даректери такталып, тергөөгө камсыздоо үчүн ыкчам-иликтөө, издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында качып жүргөн 1989-жылы туулган Т.Э., 1990-жылы туулган Б у А. жана 1990-жылы туулган И.М., , 1990-жылы туулган К.И аттуу жарандар кармалып 17-май күнү Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле 17-май күнү кылмышка шектүүлөр 1990-жылы туулган Д. у Б. жана 1988-жылы туулган И.Н. Ала-Бука РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылып жатат.