7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине 25 кылмыш ишин козгоду

680

Башкы прокуратура тарабынан Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан «Кылмыштырдын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизишип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон. Бул аракет аркылуу алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна “илип”, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан. Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн.

«Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси (“Далилдерди бурмалоо”) жана 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын кызмат адамдарына карата 25 кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681