Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Асман фонарын» учурууга тыюу салды.
Маалыматка ылайык, Бишкектин четинде 21-майда “Аба фонары” фестивалынын уюштуруучулары шаар сыртына чыгып, жаратылыш койнунда түндөсү 2000ден ашуун кытай фонарын абага коё беришмек.
Бирок, «Жалындаган фонарлардын фонунда сүрөткө түшүү сонун деңизчи! Жаштарга өзгөчө позитив энергия, жаркын маанай тартуулаганы менен аба фонарлары өзүнөн кийин жаратылышка, айлана-чөйрөгө кандай таасир калтырат?»,-деген пикирлер социалдык тармактарга тарап, шаар тургундары анын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирлерине кабатырланууда.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаратылыш койнунда болуп жаткан өрт кырсыктарын эске алуу менен асманга аба фонарларын коё берүү кооптуулугун маалымдайт! Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учурууну колдонууга тыюу салды.
«Ачык от менен учкан фонарлар өрт кооптуулугуна жол ачат. Мисалга алсак, үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерде түшүп, трагедия менен аякташы мүмкүн. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” тууралуу 275-беренесинде өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаган учурда же этиятсыз болуусунан өрттүн чыгышына алып келсе кандай жазаларга тартылаары ачык жана так жазылган. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы массалык иш-чараларды ачык жагылган отту колдонуу менен башкарылбаган учуучу фонариктерди колдонууга жана учурууга тыюу салат!»,-деп берилет билдирүүдө.