7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов: Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес

701

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында өлүмдүн негизги себептери болуп жугуштуу эмес оорулардын катарына кирген жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, бул дарт тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин жана тузду колдонуу, кыймылсыздык, ашыкча салмак жана семирүү, туура эмес тамактануу менен шартталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекилердин баасы эң төмөн экенин белгиледи.

«Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат», — деп баса белгилеген Эдил Байсалов, бул маселеге болгон кызыгуу өз убагында жана мамлекеттик социалдык саясатка жооп берип жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова жугуштуу эмес оорулардын жайылышын алдын алуу чараларынын комплексинин экономикалык пайдасы,  узак мөөнөттүү келечекте аларды ишке ашырууга кеткен чыгымдардан бир нече эсе жогору.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолдоолору боюнча, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 15%га өсүшү аларды керектөөнүн көлөмүн 22%га кыскартып, кошумча 52 млн доллар акциздик салыктын түшүүсүн шарттайт.

Ошондуктан, адамдын ден соолугунун кызыкчылыгында салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алат.

Белгилей кетсек, семинар эки күн бою өтүп, анын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702