7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камыт Савай: Рахман акам кыргыз сатирасынын мотору, күзгүсү болчу

3760

Бүгүн, 7-июнь белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков пневмания илдетинен, 66 жашында каза болду. Жумурайт журтка аттын кашкасындай таанымал куудулду жоктоп, бүт өлкө кайгырып турган чагы. Биздин жамаат Разыковдун мезгилсиз дүйнө салганына терең кайгыруу менен, ал тууралуу омоктүү ойлорун айткан атуулдардын пикирлерин бөлүшүп турмакчы.

Белгилүү куудулдун жердеши, учурда АКШда жашап, Савай жергесин интерне булактарында таанытып келген интерне колдонуусу Савайлыктарча жазылган Камыт Савайдын пикири өзгөртүүсүз сунушталат.

«Күтүлбөгөн суук кабар уктум.. Эхх, атаң гөрү оору ай, Савайлык акамин түбүнө жетиптир.. Эки күн мурда WhatsApp менен жазыштым эле ахвалын сурап.. «Бул оору бары жокту чарчатып, анан кетет окшойт, жаман экен» деди эле акам «голосовое сообщение» менен. Кыргызстан үчүн катуу күйгөн инсан болчу, дайыма бир олуттуу бирдемке болсо «акам эмне дейт экен» деп сүйлөшүп калчумун. Эми ким мага көп нерсени Савай юмору менен, шашпай, ток этер жерини айтып берет. «Үкам, мен депутаттар жөнүндө жаңы ыр жаздым эле, сага окуп берейин» деп эми мага ким күлкүлүү ыр окуп берет. Мени да «юморду түшүнөсүн, интермедия, сатира жазсаңчы» деп үгүттөп калчу. Рахман акам кыргыз сатирасынын мотору, күзгүсү болчу. Көп жазган ырлары да акам кыйын, мыкты акын экенин да айгинелеп турат. Акам жазган, аткарган саясий сатиралардын көп сөздөрү элдин оозунан түшчү эмес. Көп бийликтер тарабынан запкы да жеди убагында, бирок сахнаны, ырларын таштабады, айткандарынан кайтпады. Саясий сатираны курч, ачуу калемпирдеп акамдай жазган акыркы убакта кыргызда эч ким жок эле. Кыргыз эли маданият жаатында чоң жоготууга учурады десем жаңылышпайм. Рахман акам менен замандаш, жердеш болгонума сыймыктанам! Кош болуң акам, кыргыз элинин чыгаан уулу!!!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3761