7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров: Мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар атаандаштык шартта иштөөнү үйрөнүшү керек

427

«Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында.

Мамлекет башчысы сот өндүрүшдөгү терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн оболу Жазык кодексин, Процессуалдык жана башка кодекстердин, ошондой эле, укук коргоо иштери менен сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзамдардын жаңы басылмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Президент жаңы мыйзамдарда адамдарды кыйноо коркунучунан коргоонун, кадыр-баркты басмырлоого каршы туруунун натыйжалуу механизмдери каралып, кыйноо фактылары боюнча акыйкат жана ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн механизимдери камтылууга тийиш экенин баса белгиледи. Сот жана укук коргоо системалары ачык-айкын болууга, ал эми иш-аракеттери коомчулуктун көзөмөлүндө болууга тийиш.

Мамлекет башчысы реформалардын натыйжасында сот системасынын жарандарга болгон мамилеси өзгөрүшү керек деп эсептейт. Ал үчүн адам укуктарын коргоону мыйзамдар аркылуу негизги критерий катары белгилеп, сот системасын жөнөкөй жарандар түшүнгөн, ачык жана жеткиликтүү бийлик бутагына айландыруу зарыл.

«Учурдагы кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин жүрүшүндө ведомстволук амбицияларды эмес, жарандын, ар бир конкреттүү адамдын кызыкчылыгы жогору коюлушу керек. Жазык жана процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров алдыдагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча реформаларды ишке ашырууда Жогорку Кеңеш чоң роль ойноорун баса белгиледи. Жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуш кыларын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

428