Башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов баштаган Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы ассамблеясынын Коррупцияга каршы атайын сессиясына катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
2-июнунан 4-июнга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы коррупцияны алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча милдеттер жана чаралар жөнүндө Саясий декларацияны кабыл алды.
Кыргызстан коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык тутумдун толук кандуу катышуучусу болууга умтулуу менен, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жалпылаштыруу механизмине жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Стамбул планын ишке ашырууга активдүү катышууда.
Токтолуп кетчү жагдай, Кыргызстан Саясий декларациянын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышкан жана учурдагы эл аралык түзүлүшкө негизделген документ концептуалдык жана мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү ишин өркүндөтүү боюнча жумушчу инструмент болуп бере алаарына ишенимин билдирип, БУУнун Башкы ассамблеясынын Атайын сессиясынын жүрүшүндө анын кабыл алынышын кубаттады.