7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чоң-Чүй каналына 2 жаран агып кетип, биринин жансыз денеси табылды

469

Чоң-Чүй каналына эки адам чөгүп кетип, бирөөнүн жансыз денеси кечээ, 6-июньда суудан табылган. Экинчи жаранды издөө иштери бүгүн, 7-июнда дагы уланууда.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, 6-июнь күнү Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам чөгүп кеткен. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан 1971-жылы туулган Ш.М. аттуу жарандын сөөгүн суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Экинчи адамды (аты жөнү такталууда) издөө иштери жүрүп, караңгы киргендигине байланыштуу токтотулуп, бүгүн, 7-июнда издөө иштерин улантуу үчүн 4 куткаруучу тартылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

470