Атлантика океанындагы Пальма Канар аралында жанар тоо атылып, беш миң адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, бир нече үй зыянга учураган. Аралга Испания өкмөт башчысы Педро Санчес барып, ири өрттүн алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирген.
Ал эми канар аралдарынын президенти Анхель Виктор Торрес өзгөчө абал жарыяланган аймак токойлуу экенин, отурукташкан кишилер аз экенин айтат. Пальма аралындагы калктын саны – 80 миң. Жабыр тарткандар тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Акыркы жолу Кумбре-Вьеха вулканы 50 жыл мурун ойгонгон.