Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы, ведомоствонун башчысы Болотбек Купешевге карата козголгон кылмыш иши тууралуу тараган маалыматка комментрий берди.
Анын айтымында, буга чейинки ЖМКларда тараган “министр Купешевге карата кылмыш иши козголду”, — делген маалымат чындыкка дал келбейт.
“Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге карата кылмыш иши козголду делген маалымат туур эмес. Ошондой эле ЖМКдан “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамга ылайык бул маалыматты жокко чыгаруусун талап кылабыз”, — деп берилет маалыматта.
Эске сала кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары УКМК министр Купешевге карата кылмыш ишин козгогондугу тууралуу маалымат тараган.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Купешевди министрлик кызматка 2021-жылдын 5-майында дайындаган. Ага чейин ал Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын Түндүк аймактык бөлүмүн башкарган. 2009-2010-жылдары — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, 2008-2009-жылдары Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болгон.
Купешевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы берилген. «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси, Билим берүү жана илим министрлигинин диплому менен сыйланган.