7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кантип адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо керек?

544

Жынысы, жашы, улуту жана диний ишенимине карабастан, бардык адамдар бирдей коркунучка туш болушат. Көпчүлүк учурларда адам сатуунун курмандыктары болуп жашоо деңгээли төмөн адамдар, жашы жете элек балдар же турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар кабылып калышы мүмкүн.

Сиз коркунучта экениңизди көрсөткөн белгилер:

1. Сизге тез, оңой жана чоң кирешелер сунушталат. Келишим түзүү боюнча бир дагы сөз болбой, баары убадага таянат. Бул фирма тууралуу эч бир расмий маалымат таба албайсыз.

Төмөнкү мазмундагы кулактандырууларга өзгөчө этият болуңуз:

“Кыздар үчүн официант, бийчи катары иштөө жана башкалар. Кесиптик даярдык талап кылынбайт. Жол кире, камсыздандыруу, турак жай жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт”, “Жогорку маяна”, ошондой эле уюлдук телефон номуру гана көрсөтүлгөн жана компаниянын башка байланыш номерлери жана даректери көрсөтүлбөгөн жарнамаларга.

2. Бейтааныш адамдар сизге карызды берүүнүн жана төлөөнүн “жомоктогудай” шарттары менен акча сунушташат. Анын ордуна паспорт же башка документтерди сурашат.

3. Бейтааныш (тилекке каршы, көбүнчө тааныштар) адамдар ар кандай шылтоолор менен чет өлкөгө бекер же минималдуу чыгашалар менен барууну сунушташат: жумуш, эс алуу же интернет аркылуу таанышуу.

Эгерде сиз өзүңүз, жакын адамыңыз, тааныштарыңыз адам сатуунун курмандыгы болду деп шектенсеңиз, тез арада туугандарыңызга билдириңиз же милицияга кайрылыңыз!

Негизинен адам сатуунун курмандыктары милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында, сырттан келген адамдардын жардамы менен же өз алдынча качууну уюштуруп, ишке ашыруунун натыйжасында кулчулуктан бошотулат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545