7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Жалал-Абадда 430 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

341

Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

342