Бишкектеги мектептердин биринде 37 жаштагы мугалим асынган абалда табылды. Бул тууралуу 7-каналга Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 09:14тө Бишкек ШИИБ “102” кызматына Бишкектеги мектептердин биринде адам өз жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп, ал жерден 1986-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин табышкан.
«Текшерүү учурунда денесинен зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,- дешти.
Алдын ала маалыматтар боюнча маркум, №17 мектеп-гимназияда хореограф болуп иштеген.