Кечээ 10-июлда Түштүк Африканын эң ири шаары Йоханнесбургда каар жаады. Июль айы түштүк жарым шарда кыштын айы, бирок бул жакта 10 жылдан бери кар жааган эмес.
Африкалыктарга сууктан сактанып, жылуу кийинүү керектиги эскертилди. Ошондой эле жааган кардын кесепетинен чоң көйгөйлөр жарала электигин тиешелүү кызмат өкүлдөрү кабарлашкан.
Аба ырайынын адаттан тыш суук болушу жана кардын жаашы климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасыбы, азырынча айтуу мүмкүн эмес.