7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канттагы үрөй учурган окуя. Кызганычтын айынан 4 үй өрттөнүп, 2 адам каза болгон

381

Кантта эки адамды өлтүрүүгө жана турак жайды өрттөөгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдирди.

12-октябрда саат 20:55 чамасында Ысык-Ата райондук милициясына Кант шаарынын Пионер көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрт чыккан барак үй 4 батирден турган жана алардын биринен 43 жаштагы жарандын сөөгү табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шектүү мас абалында таанышынын үйүнө келип, кызганычтан улам жакын санаалашын жана дагы бир жаранды сабагандыгы, ошондой эле ал батирдеги дагы бир адамга медициналык спирт куюп өрттөп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткени белгилүү болду. Сабалган жарандардын бирөө Кант шаарынын аймактык ооруканасына жаткырылган, ал эми экинчиси медициналык мекемеден качып кеткен. Көп өтпөй анын сөөгү Кант шаарынын Чекиров көчөсүнөн табылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери окуяга шектүү катары 34 жаштагы Х.Р. аттуу жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Учурда кылмыш иши боюнча соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

382