7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канттагы жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекетке кайтарылды

386

Жалпы аянты 28 143,27 чарчы метр болгон Кант шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

1996-жылы айрым үлүштүк катышуучулары бар «Каниет» ААКнын жетекчилиги Кант шаарындагы автостанцияны мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган, анда мамлекеттин үлүшү 39,25% түзгөн. Бирок, менчиктештирилген учурдан тартып «Каниет» ААКдан кандайдыр бир дивиденддер мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «Каниет» ААКсы өз ыктыяры менен Кант шаардык мэриясынын балансына сметалык баасы 800 млн 908 миң 388 сомду түзгөн жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананы (автостанция) өткөрүп берген.

387