Каныбек Иманалиев КР билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашович ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.