Уланбек Усеков КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри белгиленген тартипте дайындалганга чейин билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизовичке билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү», -деп берилет маалыматта.