7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныш-Кыя – Кара-Буура унаа жолунун курулушуна старт берилди

263

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда узундугу 16 чакырым болгон Каныш-Кыя – Кара-Буура унаа жолунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жана район тургундары катышты.

Жалпы 16 чакырым жолдо эң татаал жумуштар аткарылат. Мында тоону тешип жардыруу, бир көпүрө, суу темир-бетон түтүктөрү, жер иштери жасалат. Бул үчүн республикалык казынадан 1 млд. 700 млн сом бөлүнгөн.

Долбоордун максаты регионалдык товарлардын жана жумуштун рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, алыскы Чаткал районунун тургундарынын башка облустарга жана мамлекеттерге байланыштуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Чаткал районунун туристтик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Жергиликтүүлөр көп жылдан бери ишке ашпай турган долбоордун башталганына кубанып, жаңы жолдун маанилүүлүнө токтолушту жана өлкө жетекчилерине ыраазычылык айтып, батасын беришти.

Курулуштун бүтүү мөөнөтү 2026-жылдын октябрь айынын аягы. Белгилей кетсек, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров жолу 210 чакырым. Талашка ашып кеткен жолдун негизги 172 чакырымы планга кирген. Анын ичинен бүгүнкү күндө 100 чакырымында иш жүрүп жатат. Быйыл толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.

264