7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кападокияда «Кыргызстан» сейил багы ачылды

847

Түркиянын Кападокия аймагында кечээ, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстан жана Түркия элдеринин ортосундагы достуктун жана маданий жалпылыктын символу катары «Кыргызстан» паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине элчи Кубанычбек Өмүралиев, Невшехир аймагынын губернаторуИнжи Сезер Бежел, Невшехир шаарынын мэри Мехмет Савран, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук группасынын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Сабри Өзтүрк жана Үчхисардын башчысы Осман Сүслү катышышты. Парктын ачылышынын урматына коноктор “Достук дарагын” отургузушту.

Аталган паркта боз үйлөр тигилип, парктын аталышы жана анын ачылыш тарыхы менен стела тургузулду жана кыргыз жана түрк өнөрпоздорунун катышуусунда майрамдык концерт болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

848