Эртең, 14-ноябрда тоолуу райондордо каар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14
Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…-3 градус, күндүз +12…+14 градуска жетет.