Өзбекстандагы Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиададан Кыргызстандык окуучулар үч коло медалды багындырышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-13-ноябрда Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматта эл аралык олимпиада болуп өттү.
Мелдешке кыргызстандык окуучулар офлайн форматта катышып, жалпы 19 өлкөнүн окуучулары күчүн сынады.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Кадамжайдан Денис Сапарбек уулу , Жалал-Абаддан Нияз Жусупбеков жана Чүйдөн Бекали Гартман коло медалдарды жеңип алышты.
Белгилей кетсек, олимпиада бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.