7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
22°C

Кар жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

302

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы

  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°,
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°,

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

303