Толук кандуу регионалдык интеграцияга карай жолдо мамлекеттик чек араларды юридикалык тариздөө маселелерин чечүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарында билдирди.
«Туура бир жыл мурда ушул трибунадан чыгып сүйлөп жатып, өткөн жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу болгон кайгылуу окуялар тууралуу жүрөгүм сыздап, кабарлагам. Тынчтыкты сүйгөн элибиздин сабырдуулугунун жана эки өлкөнүн саясий эркинин аркасында биз чыр-чатактын андан ары ырбап кетишине жол бербей, аймактагы кандуу согушту токтото алдык. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан талаш маселелерди аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо же күчтү колдонуу менен коркутпоо сыяктуу эл аралык укуктун принциптеринин жана ченемдеринин негизинде тынчтык жолу менен гана чечүүнү жактап келгенин баса белгилегим келет.
Биз эч качан бөтөн жерди басып алууга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз. Биз ар дайым диалог курууга жана региондо ишеним менен өз ара урматтоого негизделген өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө умтулабыз. Былтыр декабрь айында, дээрлик 30 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык тариздөө боюнча Келишимге кол койдук. Эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында жетишилген бул тарыхый чечим эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыгына жана тынчтыкта жанаша жашоосуна кеңири перспективаларды ачты.
Биз башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө дал ушундай мамилени карманабыз. Биз бардык кошуналарыбыз менен тынчтыкта, ынтымакта жана достукта жашагыбыз келет. Борбордук Азиядагы коопсуздук жана туруктуулук жөнүндө сөз кылсак, аларды Афганистандагы кырдаалдын өңүтүндө кароо керек. Афганистандын эли бул өлкөдөгү кырдаалга карата дүйнөлүк коомчулуктун макулдашылган позициясынын жоктугу менен олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын эл аралык коомчулукка эскертип коюш өтө маанилүү деп эсептейм. Эгерде мен Афганистанга жакынкы региондордун гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугуна таасир эте турган гуманитардык кризис коркунучу бар деп айтсам, жаңылышпайм. Кыргызстан Афганистандын тынч, туруктуу жана бакубат жашоосуна кызыкдар. Биз эл аралык коомчулукту афган элине гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырабыз»,- деди Жапаров.