7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балтада мугалим 17 жаштагы окуучуга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган

810

Бүгүн, 28-апрелде маалымат булактарында, Кара-Балта шаарындагы мектептеринин биринин мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылганы тууралуу маалымат тараган. Бул окуя боюнча Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя маалымат булактарына жарыяланганга чейин эч бир жаран Ички иштер органдарына арыз менен кайрылбагандыгы такталды.

Милиция кызматкерлери бул маалыматты текшерүүгө алган учурда, 27-апрель күнү ата-энелер чогулушунда, айрым ата-энелер тарабынан дене тарбия мугалими окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылгандыгы тууралуу айтылганын такташкан.

Тергөө иштери башталган учурда, дене тарбия мугалимине чара көрүү өтүнүчү менен 1985-жылы туулган К.Г., кайрылган. Ал кайрылуусунда март айынын аягында, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын дене тарбия мугалими чакырып алып сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракеттенгенин айтып кайрылгын.

Ошол эле учурда кызы бул окуя тууралуу мугалим жумуштан кеткенден кийин гана айтканын билдирген. Милиция кызматкерлери жашы жете элек кыздан да сурамжылоого алганда ушундай эле көрсөтмө берген.

Андан аркы тергөө иштеринин жүрүшүндө 1979-жылы туулган Д.Г., 2010-жылы туулган кызын кордоо фактысы боюнча дооматы жок болгондуктан арыз жазуудан баш тарткан.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811