Жайыт жерге коммерциялык объектилерди куруп алган деген шек менен «Кара-Булак» эко-резорт эс алуу жайынын ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Э.Ш.Ж аттуу жаран Аламүдүн районунун Арашан айылындагы 6,1 гектар болгон жайыт жерди мыйзамсыз ээлеп алган. Ал жакка 15 конок үй, банкеттик залдары бар мончолор, ресторан, эки кабаттуу административдик имарат, банкеттик зал, кабиналар, беседкалар жана башка чарбалык курулуштар салынган. Андан тышкары, учурда үч кабаттуу имарат курулуп жаткан.
«Аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери алынбастан курулган. Жер тилкеси трансформацияланган эмес жана кадастрлык органдарда каттоого алынбаганы аныкталды. Бул аракет жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мыйзамсыз ишке тиешеси болгон башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иликтөө уланууда.