7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көл кеңешинин төрагасы жана депутаты пара алып жатып кармалды

354

Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда, шаардык кеңештин депутаты К.Б.Н.  шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп туруп, шаардык кеңештин төрагасы аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясынын бюджетине 2024-жылга карата «Капчыгай» кафесинин мурдагы ээсинен курулуштарды муниципалдык менчикке сатып алууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 500 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталды.

Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы  УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган депутат К.Б.Н. коомдук талкууга социалдык-тиричилик жана социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди бир нече жолу көтөрүп, жарандардын кызыкчылыктары үчүн жалган күрөш жүргүзүү аркылуу аларды адаштырууга аракеттенип, иш жүзүндө пара талап кылуу менен алектенген. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жасалма тоскоолдук жаратып, ошону менен коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирип жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

355