30-январда Кара-Көл Жалпы дарыгерлик практика борборунда мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Ачылуу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургуль Ибраева катышты.
Ибраева өз сөзүндө мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты, бул калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү экенин белгилеп өттү.
Жалпы республика боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын саны 59га жетти.