“Белгилүү болгондой, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда жакшы жыйынтык көрсөтө алган жок. Эки жолу жеңилип, бир жолу тең чыгып, ошентип, оюнун жыйынтыктады. Акыркы жылдары спортчуларга, анын ичинде футболчуларга да жакшы эле шарттар түзүлүп жаткандай. «Барселона» оюнчулары келишти, академиясы ачылды дегендей. Бирок жакшы жыйынтык жок”. Бул суроого президент Садыр Жапаров төмөндөгүдөй жооп берди:
“Ооба, акыркы убактарда тиешелүү шарттарды түзүп берип, ырааттуу каржылоону баштадык. Бирок дароо эле жыйынтык күткөнүбүз адилетсиз болуп калат. Чындыгында, мурда футболчуларга жакшы көңүл бурулбай келген экен. Каржы маселеси толук чечилбептир. Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын, жок дегенде, үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. Анын үстүнө Кыргыз футбол союзунун башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын. Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек. Аны жакшы билебиз. Ошол үчүн кечээ Камчыбек Кыдыршаевичке: “Кыргыз футбол федерациясынын башына өзүң барчы” деп сунуш кылдым»,- деди ал.
Булак: Кабар