7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжада өрттөнгөн мектептин ордуна жаңы мектеп салынат

744

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылындагы  өрт кырсыгы болгон Кебек Мамаев атындагы орто мектептен кабар алды.

Элчибек Жантаев өрттөлгөн билим уясынын жанына курулуп жаткан эки кабаттуу жаңы мектеп имаратын курууну тездетүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырган.

«Айылдын мектеп жамааты жана калкы менен болгон жолугушууда ар бир адамды сабырдуулукка чакырып, жаңы окуу жылында балдардын билим алуусунда эч кандай тыныгуу болбостугун баса белгиледи. Ошондой эле жаңы мектептин курулушу өлкө башчысы Садыр Нургожоевичтин тыкыр көзөмөлүндө экенин баса белгиледи. Облус жетекчиси мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо жана келтирилген зыянды эсептөө иштерин тездетүү зарылдыгына көңүл бурду»,— деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-августта Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинде өрт чыккан. Депутат Эмил Токтошев буга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745