Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 13-августтан 20-августка чейин көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Турнир 3 форматта болот:
- Кыргызстан — Казакстандын 4 алдыңкы командасы;
- Дүйнөлүк 12 клуб арасында;
- Кыргыз — Казакстан +45 жаш курама командасы.
Эл аралык мелдешке АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Түркия, Монголия, Орусия, Алтай, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярсктан командалардын келиши күтүлүүдө.
Турнирдин байге фонду 5 млн сомдон жогору, учурда демөөчүлөр менен сүйлөшүүлөр уланууда.