Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
“Учурда Ысык-Көлгө келген туристтердин агымы күчөп турган мезгилде, Баткен өрүгүн сатуу үчүн зор мүмкүнчүлүк болууда. Мындан улам, Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктарды саткан атайын жай ачылууда. Алдыда туристтер үчүн аталган жайда Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Максат- Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат”,-деп берилет маалыматта.
Толугураак маалымат үчүн 0779302050 номерине байланышсаңыздар болот.