7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто үч жаран жасалма долларлар менен кармалды

458

Ош шаарында жасалма акча таратып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июль күнү милицияга Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын 28 жаштагы З.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 15-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы  май куюучу жайлардын бирине жашы 25-30 курактагы жаран келип 100 доллар берип,  2 000 сомго күйүүчү май куюп, 6 700 сом кайтарым катары алып, артынан дагы 100 долларын алмаштырып берүүнү суранып, 8 700 кыргыз сомго алмаштырып алып кеткендигин, эртеси  отчет тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары  жасалма экендиги билишип калгандыгын билдирген.

Бул факты 18-июль күнү  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат электрондук журналына катталып, кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан текшерүү иштери башталган. КРнын КЖКнин 233-беренеси «Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы тарабынан бул акча каражаттарына   соттук-техникалык экспертизасына дайындалып, анын корутундусу менен 200 (эки жүз ) АКШ доллар акча каражаты жасалма экендиги аныкталган.

Бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу кармалган. Шектүүнүн кылмыштуу шериктери дагы аныкталып, Кара-Суу районунун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. тургундары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суу аймагында жайгашкан 4 автоунааларга май куюучу  жайларда  жалпы 1000 доллар акча каражатын кыргыз сомго алмаштырып кеткендиги аныкталды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

459