Түп районундагы Күрмөнтү айылында 31-июлда түнү катуу жаан жаап, сел каптаган. 7-каналдын редакциясына Күрмөнтү айылынын тургуну Наргиза Абдыкеева кайрылып, аларга 4 күндөн бери эч ким жардам бербей жаткандыгын айтты.
Маалыматка ылайык, 100 гектарга жакын эгин эгилген талааны толугу менен сел каптап кеткен. Талаага картошка себилген, аны 20-августта казып алышмак.
“Учурда жол тазаланбай турат, суу дагы чыкпай жатат. Биз картошканы сатып, балдарыбызга мектепке кийим кылмакпыз. Өзүм 5 баланын апасымын,үйдө олтурам. Жолдошум жалгыз иштейт, кредит дагы төлөйбүз. Азыр эмне кыларыбызды билбей турабыз. Биз жергиликтүү айыл өкүлдөрүнөн жардам сурайбыз”-деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram