Кара-Кулжада турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 9-март күнү саат 03:10 чамасында Кара-Кулжа районунун Кара-Боз айыл аймагындагы Түшүнүк айылынын Эргешов көчөсүндө аянты 84 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.