7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

407

Президент Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисине күбөлүктүн формасы 2-тиркемеге ылайык;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунтүзүлгөндүгүнүн 
100 жылдыгы» юбилейлик белгисинин сыпатталышы 3-тиркемеге ылайык.
3. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана аларга 100 даана күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылсын;
– «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилери менен сыйлоодо салтанаттуу кырдаалды уюштурсун.

408