Шейшембиде өрөөндөрдө жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Мындай божомолду Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +8…+13, Талас аймагында +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +12…+17 градус, Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9…+11, Ош шаарында +14…+16 градуска көтөрүлөт.