7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу райондук салык кызматында коррупциялык схема аныкталды

328

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Кара-Суу району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кармалды.

Аталган жаран «С.Л.» ЖЧКсы менен биргеликте салык төлөмдөрүнөн  качуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган.

Маалыматка ылайык, салык органынын кызматкерлери милдеттүү салык төлөмдөрүнүн суммасын атайылап азайтышкан. Мындай кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде Кара-Суу райондук МСК башкармалыгынын башчысынын орун басары Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

329