7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу району: Тургундар жолду асфальттап берүүнү талап кылышууда

839

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тарылга айылынын тургундары жолду тосуп, асфальттап берүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу Кылычбек Капаров социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

«Кечээ, 22-июль күнү Папан айыл өкмөтүнүн Тарылга айылынын элдери чыгып «жолдорубуз чаңып, кир жайганга болбой калды, суу чачып берсин же болбосо асфальт төшөп берсин»,- деп талап кылышууда. Бүгүнкү күндө Ош областынын губернатору Элчибек Жантаев менен орун басары Үрүстөм Ибраимовичтен эч кандай жооп жок экенин айтышууда. Иштеп жаткан карьерлер «Бел-алма, » «Усман-тоо»,»Кадамжай майнинг», «Усем» «Омега угол» жана башкалар. «Бел-алма» карьери жолго деп айына 4.000.000 млн бөлүп берээрин айтышты. Андан сыркары карьерлер «Усман-тоо», «Кадамжай майнинг», «Усем» «Омега» эч нерсе бербей турганын билдиришти. Тарылга айылынын тургундары, ал жерден күнүнө 500дөй унаа жүк менен кайтып келе жатса, бош 500 унаа карьерге кетип жатканын көрүүгө болот дешти. «Бел-алма» көмүр карьеринен күнүнө 100-150 унаа көмүр жүктөп турат.

Алишер Козуевге таандык «Омега» көмүр карьери күнүнө болжол менен 40-50 унаа көмүр жүктөп турса, ал эми «Усман-тоо» Жусупбек Коргонбай уулунун карьери 30-40 унаа көмүр жүктөп турат. «Кадамжай Майнинг» 40-50 унаага көмүр жүктөп турса, «Усем» күнүнө 10-20 унаа көмүр жүктөп турат. Күнүнө млндогон пайданы көрүп жатышат дагы эмнеге жолдорду карабай жатышат. Бүгүнкү күндө көпүрөлөр кооптуу абалда турат. Жок дегенде пайдасын көргөндөн кийин, айыл жерлерди карап көңүл буруп, асфальт басып берсе болбойт беле. Бийлик өкүлдөрүнө кайрылышат. Мыйзамдуу карьери деле, мыйзамсыз карьери деле иштеп жатат. Бир көзөмөлгө алып берүүңүздөрдү суранат элек»,- деген ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

840