7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу районунун акимиятынын башкы эсепчиси пара менен кармалды

770

45 миң сом пара алып жаткан жеринен Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башкы бухгалтери пара менен кармалды.

«Кармалган жаран кызмат абалынан пайдаланып, бюджеттик каражаттарды подрядчы уюмга которууну кечеңдетүү менен коркутуп, Кара-Суу районундагы Лангар айылына кичи футбол аянтчасын курууга каралган акчанын бир бөлүгүн кайтарып берүүнү талап кылгандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча “опузалап пара алуу” беренсинин негизинде кылмыш иши козголду. Аталган жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилген»,- деп билдиришти УКМКдан.

Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка опузалоо фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

771