7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу районунда жетим балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилди

535

Кара-Суу районунда кароосуз балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары У.К., С.Н. жана А.К. аттуу жетим балдардын ар бирине үй куруу үчүн 0,06 га жер тилкелери бөлүнгөн.

“Жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Турак жайы жок жетим балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына талап келтирилген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, аталган айыл өкмөттүн чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, аларга укук күбөлөндүрүүчү документтер берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536