7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов координациялык кенештин алгачкы кенешмесин өткөрдү. Эмнелер талкууланды?

645

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Климаттын жана экологиянын өзгөрүүсү жана «жашыл» экономиканы өнүктүрүү маселеси боюнча координациялык кенештин алгачкы кенешмесин өткөрдү. Бул тууралуу кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн тартибинде 4 маселе, анын катарында «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документинин долбоору каралды. Аталган долбоор митигация (климаттын өзгөрүү таасирин жумшартуу) жана адаптация боюнча чараларды ишке ашыруу жолу аркылуу парник газдарынын бөлүп чыгарууларын кыскартууну карайт.

Министрлер Кабинетинин башчысы, ошол эле учурда Координациялык кеңештин Төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, учурда Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экологиялык коопсуздук жана климаттын туруктуулугу маселеси болуп саналат.

Кеңешменин жүрүшүндө «Климаттык инвестициялык программанын» учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду, анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы глобалдык климаттык институттардан жана фонддордон инвестицияларды тартуу боюнча ишке мамлекеттик органдардын активдүү тартылышы зарылдыгын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары БУУ климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (КӨАК) тараптардын XXVI конференциясынын ишине катышуучу кыргыз делегациясынын сапаттуу даярдыгын камсыздоосу тийиш.

Жыйынтыгы боюнча кеңешменин күн тартибиндеги бардык маселелер, анын ичинде жакында БУУ КӨАК катчылыгына сунушталуучу «Кыргыз Республикасынын улуттук деңгээлде аныкталган салымы» (УДАС) документи жактырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646