7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалды

549

УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары кармалганын билдирди. Ал Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын “Ачы” массивинен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар деп шек саналып жатат.

Тергөөдө Б.У.А. Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп турганда башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын “Ачы” массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жерди мыйзамсыз бергени аныкталганы айтылат.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүнү уюштурууга катышкандыгы үчүн Б.У.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

550