7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакай Шүкүров: Астанадагы Көчмөндөр оюнунун ат чабышы бүгүн башталды

97

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын ат чабыш боюнча адис-машыктыруучусу Бакай Шүкүров: V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расми түрдө Астанада 8-сентябрда ачылат, бирок анын алкагындагы ат чабыш бүгүн, 3-сентябрда, Казакстандын Ботай аймагында башталды жана 17 команданын күлүктөрү 5 күндө 500 чакырым аралыкты басып өтүп, Астанадагы маарага 7-сентябрда жетиш керек. Он жети команданын тогузу – казактардыкы, калган сегизи – Иран, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Кыргызстан, Мажарстан, Татарстан, Түркия жана Түштүк Африка Республикасыныкы.

Астанадагы Көчмөндөр оюндары ат чабыш менен башталып, акыркы күнү дагы ат оюндары менен жыйынтыкталат, алардын арасында кунан чабыш, жорго салыш, бышты чабыш, көк-бөрү менен көкпар, аламан жана башка ат оюндары бар. Кыргызстандын Ат оюндары боюнча федерациясы мындан 2 жыл мурда түзүлүп, азыр акырындап өнүгүп келатат, келечекте чоң эл аралык мелдештерге дагы катышабыз го. Бирок казактар же кыргыздар сыяктуу аламан ат чабыш эч ким өткөрбөйт…

98