Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 1,5 жашар наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тойчу айылында 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял 2018-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.
Жергиликтүү тургундар тарабынан аял жана анын 2018-жылы туулган кызы суудан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.
27-сентябрь күнү издөө иштеринин натыйжасы болгон жок.
Бүгүн, 28-сентябрда табылган кыздын сөөгү туугандарына өткөрүп берилди.