Кара-Суу районунда изи суй электе каракчылык фактысы менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБге кабар келип, анда Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары Кытайдын жарандары 1997-жылы туулган Л. Ц., жана 1991-жылы туулган Л. Ж., жашап жаткан батирине бет капчан эки атуул колдоруна бычактары менен куралданып киришип, үйүнүн ичинен 1500 долларын жана 50 000 (элүү миң) сом болгон акча каражаттарын карактап алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.
Кара-Суу шаарында каракчылык кылган шектүү үч адам кармалды. Алар Өзбекстандын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25 жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталган.
Бул факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.