7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жашы жетелек кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды

1267

Өз өлкөсүндө кыздарды сойкулук кылууга мажбурлаган Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу 7-каналга ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, ушул жылдын 10-сентябрында түнкү саат 23:10 чамасында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда КРнын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын жараны Б.Э. кармалган. Издөөнүн демилгечиси Түркиянын укук коргоо органдары болуп саналат.

Түрк тараптын айтымында, кармалган жаран Б.Э. өз үйүндө интимдик кызмат көрсөтүү үчүн сойкукана уюштуруп, жашы жете элек 6 кызды сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган жана эркектерге интимдик кызмат көрсөткөндүгү үчүн берген акчаларын алып жүргөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган учурда жаран Б.Э. изин жашыруу максатында Түркияга жашыруун чыгып качып кеткен.

Шектүү КРнын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу максатында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УББ) менен Казакстандын Улуттук борбордук бюросу биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. кармалган.

Учурда шектүү жаран Кыргызстанга экстрадицияланып, Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу ЖАМК-1 тергөө абагында камакта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1268