Кара-Сууда уюшуп жылдар бою жер саткан бийлик өкүлдөрү кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалган.
Алар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.
Кечээ, 30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.