Ошто салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты менен кыргыз жараны К.К кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-октябда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында кармалган жарандын унаасынан салмагы 13 кг болгон баңгизат каражаты (гашиш) табылган.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.
View this post on Instagram