Кечээ, 11-ноябрь күнү Кapa-Cyy районунун борбордук стадионунда элдер менен жолугушу өткөргөн “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери, жергиликтүү тургундарды «Мерседес- Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен ташып келгени интернет булактарында тараган.
Айрымдар, жарандарды жолугушууга авто унаа менен ташып келүү добушун сатып алууга негиз берет, андыктан талапкерге карата чара көрүлүшү керектигин талап кылып, арыз менен кайрылышкан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысын жана аталган жолугушууга адамдарды партия тарабынан ташылып келингендиги боюнча тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилгенин билдирди.
Тергөө иш аракеттерин Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы алып барууда.